Кара-Балта шаарында мурда соттолгон жаран 51 жаштагы аялды коркутуп, акчасын алганга шектелүүдө

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 51 жаштагы аялды унаасына салып алып коркутканга шектүү кармалды. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя өткөн жылдын ноябрь айында болгон.

Шаар тургуну Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Анда эркек киши арыз ээсин унаага салып коркутуп, телефонун жана 20 миң сом акчасын тартып алган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (уурулук) менен катталган. Кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 34 жаштагы жаран кармалып, 2 айга камакка алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан