Манасчы Дөөлөт Сыдыков Сулайман-Тоодо 3 күн манас айтат

Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков 3 күн Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо манас айтат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына манасчынын жубайы Ырыс Окенова билдирди.

"Сулайман-Тоодо манас айтсам деген көптөн бери тилеги бар эле. Минтип Нооруз майрамына туш келип, иш-чара бүгүн саат 12де башталды. Дөөлөт саат 13:00дөн баштап манас айтууда. Түн оогон мезгилге чейин айтса, анан эс алдырабыз. Кайра эртең менен айтып баштайт. Ошону менен үч күн айтам деп пландаган", - дейт Окенова.

Белгилей кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн өткөн жылы 13-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында тыным албай 14 саат 27 мүнөт манас айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
zhazgul98
2021-03-19 19:28:34
Манас Атабыз мекенчилдиктин жана руханий идеалдын символу болсун
+2
danyar_98
2021-03-19 20:04:53
Мыкты
+2
bek.94
2021-03-19 21:04:52
Өзүнү кыйнап нагрузка кылбай эле койсо болмок эмне пайда тапмак эле 3 күн айтып
+3
Ernisbii
2021-03-19 22:58:59
bek.94,кыйналбайт Манас айткандан тескерисинче энергия алат өөдө жактан берилген каситтер менен айтылат.
-4
aibekkk
2021-03-19 21:59:16
койгулачы эми
+5
nazira...
2021-03-19 22:40:36
Бирдеме болуп кетпегидей эле, жөн эле жүрбөдү да. Кылымдар бою тынч турган тоонун башына барып түнү менен манас айтып нени баштап атат. Тан атканча Манас эмес Куран окуп чыгып кетсе кана эле.
+6
Gulina90
2021-03-19 22:42:24
Бүгүн Манас айтылып сериал болбоду.Эмне мынча күн айтат экен ким билет,Манас айтышка акча коюлдубу же
+3
nazira...
2021-03-19 22:45:50
Gulina90,аялы күзүр экен да манасчынын. Эми аялы не десе ошону кылып атат да.
+4
nazira...
2021-03-19 22:49:31
Рысбай Исаков деген манасчы жакшы айтат. Ошол бала да келди бекен. Бул баланы гиннесске кирем дегенден бери эле билип калдык окшойт.
0
Tyty1990
2021-03-20 09:10:33
тенирчилердин майрамы. Жөн гана баатыр болгон,чачылган кыргызды чогултуп журт кылган. Манасты кудай тутуп арбагы колдосун, энергия берсин,руху духу келсин деген өтө чооң жаңылыштык. Өлгөн адам өлдү болду ал эч качан тирүүлөрдү колдобойт.
+1
jaz99
2021-03-20 09:51:52
Tyty1990,эн тууура
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан