
Бишкек шаарында бейбаштык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, февраль айында Ленин районунун аймагында укук бузуу фактысы катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Белгисиз адам Бишкек шаарынын мейманканасына келип, жумушчуларды жана администратор кызды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, ал жерде иштеген жаранга кол көтөрүп сабап салган.
Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, 11-мартта ИИМдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1995-жылы туулган жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Алынган маалымат боюнча кармалган жаран ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турат", - деп жазылат билдирүүдө.