Бишкектеги "Таксим" кафесин бузуу боюнча райондук соттун чечими чыкты

Бишкек шаарындагы "Таксим" кафесин бузуу жөнүндө чечим Ленин райондук соту тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 21-январда Түркиянын жараны Ленин РИИБине арыз менен кайрылган. Арыз ээси 2010-жылы Э.А. аттуу жарандан Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан чакан имараты менен жер тилкесине “Таксим” кафесин тузүү максатында 25 жылга ижарага алганын айткан. Акыркы 10 жылдан бери арыздануучу ай сайын 5 миң АКШ доллар өлчөмүндө ижара акысын төлөп келген. Андан кийин Э.А. аттуу жаран Түрк жаранынан “Таксим” кафесин кеңейтүүгө, тиешелүү органдардан уруксат берүү кагаздарын алуу үчүн 70 миң доллар накталай акча алган.

"2018-жылы Түркия жараны ижарага алып жүргөн жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиги экендиги, жыл сайын 0,01 гектарга ижара акысы 20 миң сомду түзөрүн, ошондой эле жер тилкеси Ч.С. аттуу жаранга убактылуу пайдаланууга берилгендиги белгилүү болду.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене ("алдамчылык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя 2021-жылдын 9-мартында Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан алдамчылык фактысы боюнча өндүрүшкө алынып, анда Түркиянын жараны жабырлануучу деп табылды".

Ал эми Бишкек шаарынын Свердлов районунун тергөө соту тарабынан “Таксим” кафесин ижарага алуу боюнча укуктук документтеринин түп нускасын Бишкек шаарынын мэриясынан алып коюуга уруксат берилген.

"Мындан тышкары Экотехинспекция Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна Ч.С. аттуу жаранга карата доо арызы менен кайрылган. Анда "Таксим" кафеси жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер тилкесин бошотпой жаткандыгы тууралуу айтылган. Кийинчерээк Ленин райондук соту “Таксим” кафесин бузуу жөнүндө чечим чыгарган.

Андан сырткары ушул жылдын 27-январында Ч.С. аттуу жаран анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген Түркиянын жаранына карата чара көрүү жөнүндө арызы менен кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 145-берене ("өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча, бардык зарыл тергөө иш-аракеттери улантылууда. Тергөө иштери ар тараптуу объективдүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
make2
2021-03-20 11:34:24
Э чондор ошол турк ишкерин ушунча жыл сордунар, эми турк туугандарга уят кылбай акчасын берип, же башка имарат берип койгула, бутундой кыргыз элин уят кылбай
+7
JaneEr
2021-03-20 12:49:33
Бул турк экинчи эч ким Кыргызстанга келип инвестиция кылып ишкерлик кылбагыла деп арызданып жатат.Чындап уят эле закон жок.
+9
abusait
2021-03-20 16:27:35
Чондордун баары жеп турган бул турктон. Эми аны (туркту) кылмышкер кылып кутулгулары бар. Мындайда инвесторлор артын карабай качатта.
+5
nazarnew
2021-03-20 20:31:25
Кыргызстанга зек келип черныйлар майрамдап калышты, не деген заман болуп баратат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан