Бишкектеги көчөлөрдүн бирине ымыркайын калтырып кеткен эне изделүүдө

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул факты боюнча учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, кечээ, 19-мартта саат 07:35 чамасында Салиева көчөсүндө ак чүпөрөккө оролгон ымыркай жаткандыгы тууралуу милиция кызматкерлерине билдирүү келип түшкөн.

"Айтылган жерге барган милиция кызматкерлери ак чүпөрөккө оролгон ымыркай кызды аныкташкан. Наристе "Тез жардам" кызматы менен балдар үйүнө жеткирилди. Дарыгерлер кыздын абалы канааттандырарлык экенин айтышты.

Учурда бул окуя боюнча 150-берене ("коркунучта калтыруу") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ымыркайдын апасы изиделүүдө", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bekhaliev
2021-03-20 10:30:42
Диндин жоктугу
+2
zhazgul98
2021-03-20 11:30:31
bekhaliev,Диңге берилгендериң деле бузуку иштер менен алектенип жүрүшпөйбү. Эки жүздүүлүктүн да чеги болуш керек.
+3
batleybesh
2021-03-20 16:37:24
zhazgul98,сага окшогондорд эле айтпаса дини ыйманы бар адам мындай кылбайт! Же козун менен кордунбу ыйманы бар адам ыплас иш жасап жатканын
-1
zhazgul98
2021-03-20 11:44:35
Атасы ким болду экен бул ымыркайдын. Жакырчылык - баардык нааразылыктын жана кылмыштуулуктун булагы. Жакырчылыкты женбесек мындай корунуштор улана берет.
-4
Erlan_95
2021-03-20 15:09:24
zhazgul98, Жакыр болсо жок дегенде мээни иштетиш кк да. Же аборт кылсын же сактансын. Учунчусу жок
-1
nazira...
2021-03-20 12:44:24
Жакшы бала тирүү экен.өмүрү узун, аты чыккан кыздардан болсун. А апасына, атасына сөз жок, кудай өзү жазасын берсин.
+6
jaz99
2021-03-20 13:00:37
Кукук эне
+1
Gulizaa
2021-03-20 13:20:16
Багып алчууларга берсе болмок экен,уятсыздар .Бекер эле таштап салбай ,эч Ким корбой калганда эмне болмок
+1
oopapa
2021-03-20 19:09:58
Аттин маркум Ажыкебиздин жоктугу. Канчалаган элди тарбиялап, канчалаган элди жакшы жолго баштап журду эле. Кимге кандай мен учун устазыбыз кетти жаман иштер, окуялар коп болууда
-2
nazarnew
2021-03-20 20:34:42
Чын айтканда биздикилерде ыйман бар бирок ынсап жок, муну моюнубузга алышыбыз керек, пейилди оңдомоюн вообще өнүкпөйбүз.
+5
Kadyrova_
2021-03-20 22:45:17
Эшек да,ит да малда өз баласын ачка калсада таштабайт адамдар эмне болуп баратабыз жаштарга ыйман берекөр Алла.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан