Чүй облусунун Төмөнкү Ала-Арча айылында 25 жаштагы кыз чала таанышын мас абалында зордуктоого аракет кылган деп айыптады. Жабырлануучу 19-мартта Свердлов РИИБине арыз менен кайрылып, тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн. Маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Арыз ээсинин айтымында, 18-мартта ал курбусу менен чала таанышына барып, спирттик ичимдиктерди ичишкен. Таңкы саат 05:00 чамасында арыздануучунун курбусу уктайм деп жатып алган. Өзү ичимдик ичүүнү уланткан. Бул учурда чала таанышы менен арыздануучунун ортосунда пикир келишпестик орун алган. Кыз милиция чакырган. Чогултулган материалдар Аламүдүн РИИБине өткөрүп берилип, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоого аракет кылуу" беренеси менен катталды.
Жабырлануучу соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартып, арыздын негизинде териштирүү иштерин токтотууну өтүнгөн. Ал мас абалында болгондуктан арызды эмне жөнүндө жазганы эсинде жок экенин айткан.
Ал эми 31 жаштагы сурак берген жаран дарегине карата айтылган айыптоолордун баарын четке кагып, кыз өзү жармашып, милиция кызматкерлерин чакырып зордуктоого аракет кылды деп айыптай турганын айтып коркутканын кошумчалады. Сотко чейинки териштирүү иштери улантылууда", - дешти мекемеден.