Япония Олимпиада оюндарына чет элдик ыктыярчыларды кабыл албайт

Япония бийлиги Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн чет элдик ыктыярчыларды өлкөгө киргизбей турган болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Япон бийлиги өлкөгө коронавирустун жаңы түрлөрүнүн кирип кетишин бөгөттөө үчүн ушундай чечим кабыл алган. Ошол эле учурда көп тил билген ыктыярчылардын Японияга киришин уюштуруу маселеси өзүнчө каралат.

Буга чейин Япония бийлиги алдыдагы Олимпиада оюндарына кошумча чектөөлөрдү киргизген. Иш-чарада чет элдик лидерлерди коштоп жүргөн топтордогу адамдардын санын кыскартуу жөнүндө сөз болгон.

Эске салсак, пандемияга байланыштуу былтыр өтө турган Олимпиада оюндары 2021-жылы жайында өткөрүлөт деген чечим кабыл алынган. Оюн 23-июлда башталып, 8-августка чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан