Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Чүй РИИБинин кызматкери пара алып жаткан учурда кармалды. Азыркы тапта кармалган кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"18-мартта Чүй облусунун Токмок шаарынан 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда Чүй РИИБинин ага тергөөчүсү А.у.Ч. кармалды.
Ал алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн жергиликтүү тургундан 2000 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.
Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("пара талап кылуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар улантылууда", - дешти мекемеден.