Мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалган Жогорку Соттун судьясы К.О'нун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, судья келтирилген зыяндын бир бөлүгүн төлөп берди.
"Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө, К.О. Жогорку Соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын судьясы болуп иштеп, жеке максаттарды көздөп, мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирген чечимдерди кабыл алгандыгы аныкталды.
Ошол эле учурда К.О. көптөгөн юридикалык объектилерге ээ болгон, алардын наркы анын мыйзамдуу кирешесинен 114 миллион сомго ашып кеткен.
Тергөөнүн жүрүшүндө К.О. күнөөсүн толугу менен моюнга алып, мамлекетке 70 миллион сом кайтарып берди. Калган 44 миллион сомду 3 ай аралыгында төлөөгө милдеттендирилди. 20-мартта Биринчи Май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен чыгарылды", - дешти мекемеден.