"Стайл микс" тобунун ырчылары Адилет Эркинбек уулу менен жубайы Илима Дүйшөналиева экинчи ирет уулдуу болушту. Кубанычтуу кабары менен Адилет Эркинбек уулу бөлүштү.
Белгилүү болгондой, түгөйлөрдүн уулу кечээ, 19-мартта Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде жарык дүйнөгө келди. Учурда эне, баланын абалы жакшы.
Түгөйлөр 2018-жылы 23-мартта уулдуу болушуп, ага Арслан деген ысым ыйгарышкан.