Ырчы, куудул Жеңишбек Айтиев 8-ирет ата болду

Ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиев менен жубайы 8-ирет ата-эне макамын алышты. Баатыр ата-эне болуп, кубанычы койнуна батпай турган ырчы порталыбызга буларды билдирди.

"Кызым бүгүн, 21-мартта таңга маал төрөлдү. Таңдай аппак, пейили кең болсун деп атын Акжурат койдук. Жубайым экөөбүз буга чейин 4 уул, 3 кызды тарбиялап келе жатканбыз.

Кызыбыз өзгөчө датада, тагыраагы 21-кылымдын 2021-жылындагы 21-күнү төрөлдү", - дейт ал.

Жеңишбек Айтиевдин репертуарында "Беш бармак", "Сүйдүм", "Ошко сапар", "Карагат" аттуу ырлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazira...
2021-03-21 12:07:02
Молодец. Кыргыздын санын көбөйтө бергиле.
+17
bessmertiy
2021-03-21 12:26:01
Өмүрүлүү болсун!
+14
Margana93
2021-03-21 12:58:34
Өмүрлүү акылдуу ыймандуу кыздардан болсун
+15
zilish_kg
2021-03-21 13:12:18
Өмүрү узун болсун!
+10
Nuraika-R
2021-03-21 13:28:48
Омурлуу ыймандуу кыздардан болсун Аллахым бизге да насип кылсын
+13
Haanykeim
2021-03-21 15:15:56
Өмүрү узун болсун!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан