Бүгүн, 21-мартта эртең менен Чүй облусунун Токмок шаарында коммуналдык ишкананын имаратында өрт чыккан. ӨКМнын басма сөз кызматынан өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылганын кабарлашкан.
"Жерине тартылган куткаруучулар тарабынан өрт эртең менен саат 08:58де чектөөгө алынып, кечки саат 18:02де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок", - дешти мекемеден.