Бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык мушкерлердин атаандаштары белгилүү болду

Бүгүн, 14-октябрь күнү Алматыда башталчу бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык мушкерлердин атаандаштары белгилүү болду. 13-октябрь күнү чүчү кулак таштоо аземи болуп, анда кыргызстандык мушкерлер чүчү кулактын жыйынтыгы төмөнкү атаандаштар менен беттешет:    

49 килограмм салмакта Турат Осмонов мелдешти 1-турда италиялык Каппай Мануэлге каршы беттеш менен баштайт.

52 килограмм салмакта Азия чемпиону Азат Үсөналиев мелдешти 2-турда AIBAдин (Эл аралык бокс ассоциациясы) желеги астында чыгып жүргөн индиялык Мадаи Лаль менен молдовалык Рышкан Александр жубунун жеңүүчүсү менен беттешүү менен баштайт.

56 килограмм салмакта Өмүрбек Малабеков 2-турда непалдык Шреста Динес менен өзбекстандык Шахриёр Исаков жубунун жубунун жеңүүчүсү менен беттешет.

1-турда Медер Мамакеев (60 кг)  AIBAдин (Эл аралык бокс ассоциациясы) желеги астында чыгып жүргөн Малик Викаш менен беттешет.

1-турда Эрмек Сакенов (64 кг) Уэльс өлкөсүнүн өкүлү Дэвис Зак менен беттешет.

1-турда Эркинбек Болотбек уулу (69 кг) марокколук Раблл Мохаммед менен беттешет.

2-турда Азамат Каныбек уулу (75 кг) италиялык Мунно Рафаэл менен мексикалык Хуан Меркадо жубунун жеңүүчүсү менен беттешет.

1-турда Александр Панарин (81 кг) түркмөнстандык Арсланбек Ачилов менен беттешет.

2-турда Сергей Паренко (91 кг) кениялык Даниель Шиса менен даниялык Жим Андрисен жубунун жеңүүчүсү менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан