SUPER.KG cайтынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү ыр, клиптерди сунуштап баяндоону улантабыз. Бул ирет Чолпон Талипбектин "Барба" клиби тууралуу баяндайбыз.
Ырчы чыгарманы жазууга коомдогу аялдарга карата жасалган зомбулук себеп болгонун айтат.
"Ырды карантин учурунда жазгам. Аны жазууга Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Бек-Абад айылындагы окуя, тагыраагы, күйөөсү аялынын колун байлап, моюнуна таш салынган дөңгөлөктү асып, үстүнөн чакалап суу куюп, жаагына чаап жазалаган окуя себеп болгон. Музыканы Эрнест Жоошев жазып берди.
Клип дагы зомбулук тууралуу тартылып, аны даярдоого 2-3 ай убакыт кетти", - дейт ал.
Чолпон Талипбектин "Барба" клибин көрүү үчүн шилтеме.