Баткен облусунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери 19-марттан 21-мартка чейинки аралыкта рейд өткөрдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө:
Мас абалда унаа башкаргандар - 8;
Унаанын техникалык абалы оң эмес абалда башкаргандар - 4;
Мамлекеттик белгиси жок унаа башкаргандар -1;
Ылдамдыкты ашырып айдагандар - 62;
Тоннировка -1;
Жол белгисине баш ийбегендер - 52.
Иш-чаранын жүрүшүндө жалпысынан 315 айдоочуга жол эрежесин бузгандыгы боюнча бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулган.