Ошто түлөөгө баргандардын унаасы сайга кулап түшүп, бир жарым айлык наристе каза болду

Ош шаарындагы Тюльпан дачасына түлөөгө барган жарандардын унаасы сайга кулап түшүп, бир жарым айлык наристе каза болуп калды. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктап, буларды билдирди.

"Жол кырсыгы кечээ, 21-мартта болгон. Унаада аялдар отурган, бирок айдоочу келе элек болгон. Унаа токтоп турган жеринен жылып кетип сайга кулаган. Айдоочу артынан чуркап, бирок токтото алган эмес. Машина болжол менен 150 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаада 4 аял болгон. Ал эми канча наристе бар болгону белгисиз. Бирок бир жарым айлык наристе каза болду. Бул окуя дагы да териштирилүүдө", - деди Сыдыков.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Janna19
2021-03-22 19:43:44
Ажал келсе айла жок.Ажал деген ушул тура .
+1
nazira...
2021-03-22 20:19:17
Тюльпан дачасы кай тарапта экен эле, ошону жазышпаптыр да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан