Баткенде аткезчилик жол менен жашылча-жемиштерди алып келе жаткан Кыргыз жарандары кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик жол менен алып келе жаткан товарды токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек ара кызматкерлери аталган аймактын Кулунду айылында кызмат өтөп жатып, шек санаткан унааны токтотуп текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжада Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен эки Кыргыз жараны Тажикстандан өлкөгө жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып келе жатканы аныкталган.

"Кармалган жүктүн көлөмү болжол менен 5 тоннаны түзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча аткезчилик менен алып келе жаткан товардын жалпы баасы 530 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар, унаалар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн атайын органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
sultan89
2021-03-23 10:05:58
Бул кунго чейин отуп келген жук,ушунусуда акчасын тологон эмеско дейм паграндарга
+4
Zumrudianka
2021-03-23 10:14:04
sultan89,Толоп жургон толой берет болчу. Бул сенин оюн акылын ошол жерге чейин жетти дегенди билдирет. Азыр баары мыйзамдуу болсун деген жашоого отуп баратабыз дагы деле биле элексинби пара алганды эмне кутуп атканын
-7
sultan89
2021-03-23 13:10:36
Zumrudianka,сенин акылын менин шымымдын ичинде экен тууган
+2
stal.ks
2021-03-23 10:58:33
Мыйзамдуу кылып эле откоруп койгулада, продукта кымбат болуп жатканда
+7
Munir81
2021-03-23 19:54:48
Молодцы пограничники
-1
alik.kg
2021-03-24 14:13:37
Munir81,Ооба аябай жакшы иштешиптир
0
Nurik-1980
2021-03-23 20:58:07
Неге катар катар бензин алып өткөн,фураларды кармабайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан