Аксыдагы массалык уулануу. Экспертизанын жыйынтыгы дагы деле чыга элек

Буга чейин 4-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында адамдардын массалык уулануусу тууралуу маалым болгон.

6 адамдын өмүрүн алган уулануу боюнча экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы дагы деле даяр боло электигин Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Окуянын чоо-жайы:

Алгач SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун 20 адам ууланганын, 7 адам каза болгонун билдирген. Ал эми Жалал-Абад ОИИБи уулангандар чогулуп, 23-февраль менен 8-март майрамын өткөргөнүн айткан. Саламаттыкты сактоо министрлиги уулангандар салат, беш бармак жеп, спиртти сууга аралаштырып ичишкенин, уулануудан 6 адам каза болгонун маалымдаган.

SUPER.KG порталы жакындарын жоготкон тарапты, кечени уюштурган делген аялды жана тиешелүү мекемелерди угуп, репортаж даярдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2021-03-23 10:49:32
Баары бийликте отурса эч качан чыкпайт.
+3
Haanykeim
2021-03-23 11:14:08
Акча бергиле көбүрөөк анан артка тарта берет..
+3
Kurbanaiym
2021-03-23 11:39:19
Бир айдан бери жыйынтык чыгара албай эмне жүрүшөт иштебей
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан