Нарын жана Чүй облустарында жер титирөө катталды

Өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жер титирөө кечээ, 22-март күнү саат 16:45те сезилген.

Жер титирөө Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор, Семиз-Бел, Кара-Тоо, Арсы айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Ал эми кечки саат 18:17де республикасынын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун "Ысык-Ата" курортунда жана Чүй районунун Арпа-Тектир айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан