3 миллион сомдон ашат. Башкы прокуратура Нарында суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлердин эмгек акысын мыйзамсыз пайдаланганын аныктады

Нарын облусунун Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлердин эмгек акыларын мыйзамсыз пайдаланганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Нарын облустук прокуратурасы тарабынан Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды. Алар өздөрүнө пайда табуу жана материалдык артыкчылыктарды көрүү максатында мекеменин каржылык жана бухгалтердик иш кагаздарын жасалмалоо аркылуу айрым кызматкерлердин эмгек акы төлөө карталык эсебине каражаттарды которуу жолу менен банк аркылуу чыгарып, өз кызыкчылыгына пайдаланган.
Натыйжада кызмат адамдардын кылмыштык аракеттеринин кесепети менен мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча 320-берене (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, азыркы учурда тергөө аракеттери башталды жана мыйзамсыз ыйгарылып алынган жалпы суммасы 3 миллион 62 миң 330 сом акча каражаты мамлекеттин эсебине кайтарууга тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө", - дешти прокуратуранын маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан