Ошто тоноочулукка шектелип бир класстын 4 окуучусу кармалды. Өспүрүмдөр үй камагына чыгарылды

Ошто тоноочулукка шектелип 4 өспүрүм кармалды. Алар Кара-Суу районунан Ош шаарына атайын тоноочулук кылуу үчүн келгенин шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 21-мартта саат 19:00 чамасында Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан Сулайман-Тоонун айланасында тоноо менен алектенип жаткан 4 жаран кармалды.
"Шектүү балдар Кара-Суу районунан Ош шаарына атайын адам тоноо үчүн барышып, жалгыз жүргөн, өздөрүнөн алсыз болгон жигиттерди коркутушуп, кол телефондорун алып турушкан. Алар коркутуу үчүн оюнчук темир тапанчаны пайдаланышкан. Милиция кызматкерлери кармаган учурда өспүрүмдөрдүн жанынан 2 Айфон жана 1 Редми үлгүсүндөгү телефондор табылган. Өспүрүмдөр бир класстын окуучулары. Бүгүнкү күндө алардын үстүнөн 4 арыз келип түштү.
Учурда тоноо фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган балдардын жаш экендиги эске алынып, баары үй камагына чыгарылган. Ата-энелеринин коштоосу менен үйлөрүнө кетишти", - дешти мекемеден.
Кармалгандар:
2004-жылы туулган Т.А.
2004-жылы туулган Ж. уулу Б.
2004-жылы туулган А. уулу М.
2004-жылы туулган Ж. уулу А.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zam81
2021-03-23 16:32:13
Эмитен минтсе келечеги жокко
+2
Talantus
2021-03-23 16:32:29
Менимче булар ата энесин деле укпагандар болсо керек.Жашабагырлар.
+3
nazira...
2021-03-23 19:00:31
Өзү Карасуунун көпчүлүк балдары жаман бейбаш келишет. Жашабай жатып карачы буларды, ал таранчаны каяктан алышты экен.
+2
Muzik
2021-03-24 08:19:15
Ошту башка жактарга жаман корсоткон, илгертен эле Кара суулуктар, жетим деп суйлогондор да ошолор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан