Айдоочусу аял болгон. Ак-Өргөдө троллейбустун катышуусундагы кырсыктын чоо-жайы айтылды

Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Ак-Өргө конушунда троллейбус трансформаторду сүзүп токтогон. Милициянын кайгуул кызматынан окуянын чоо-жайын билдиришти.

"Эртең менен саат 06:00 чамасында троллейбус Өмүракунов көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатканда Ашар көчөсүнүн кесилишинен белгисиз жаран велосипед менен чыга калган. Андан качам деген айдоочу жолдун жээгиндеги бордюрларды жана электр зымдары чогулган трансформаторду сүзүп токтогон. Жол кырсыгынан эч кандай жабырлануучулар жок. Троллейбустун айдоочусу аял киши болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tyty1990
2021-03-23 18:45:18
Велосипед айдагандар тойгозду
+4
Muzik
2021-03-24 08:08:33
Троллейбус айдагандар эч жоопко тартылбайт, куноолуу болсо деле, баштан откон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан