Дүйнөлүк спорт: Футбол боюнча 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугу Криштиану Роналдусуз өтүп калышы мүмкүн

Футбол боюнча 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары жыйынтыкталар астында турат. Азырынча Европа өлкөлөрүнөн Бразилияга “А” тайпасынан Бельгия, “В” тайпасынан Италия, “С” тайпасынан Германия, “D” тайпасынан Голландия жана “Е” тайпасынан Щвейцария курама командалары катышары анык болду. Ал эми “F” тайпасында Орусиянын Бразилияга баруу мүмкүнчүлүгү өтө зор болуп турат. Бул деген Орусия менен бир тайпада ойногон Криштиану Роналду баш болгон Португалия курама командасынын мелдешке катышары тандап алуу оюндарынан кийин дагы бир команда менен беттешкенден кийин аныкталат. Ошондой эле “G” тайпасында Босниянын, “H” тайпасында Англиянын жана “I” тайпасында Испаниянын мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгү чоң. Бардык тайпаларда акыркы оюндар 15-октябрь күнү өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rinatik94
2013-10-14 14:44:10
Эх,Роналду! Сенсиз отсо ,анда мен учун ЧМ-2014 кызыксыз.
0
ulukbek
2013-10-14 16:21:53
кришсиз фудбол кызыксыз
0
uty
2013-10-14 21:02:49
мындан башка да жакшы оюнчулар бар
0
Davlet1994
2013-10-15 00:28:53
топ деп койот, андан башка да футболчулар бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан