Бүгүн, 23-мартта Ош облусунан адамдын жансыз денеси табылган. Ош ШИИБинин билдирүүсү боюнча, маркумду атып кетишкен.
"Маркум 35 жаштагы Ош шаарынын тургуну. Ал шаардагы мектептердин биринде информатика сабагынан мугалим болуп эмгектенип келген. Териштирүү иштеринин натыйжасында, аны белгисиз жарандар атып кетишкени белгилүү болду. Ал эми айдап жүргөн унаасы шаардагы филармониянын жанынан табылды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Жансыз дене Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүнөн эртең мененки саат 08:00 чамасында табылган.