Нарын шаарында өлтүрүлгөн "Лимонти" каймана аты менен белгилүү кримавторитет Алмаз Сулаймановдун иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу менен анын жактоочусунун апелляциялык арызы Нарын шаардык сотунда 9-февраль күнү каралды. Анда алар иш материалдарын башка сотко өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч келтиришкен. Анда сот өтүнүчтү канааттандырып, материалдарды Биринчи Май райондук сотунун кароосуна жөнөткөн.
2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамшиев аттуу жаран кармалган.