Ысык-Көлдө токтоп турган унааны сүзгөн айдоочу каза болду

Кечээ, 23-мартта Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 07:35 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда, тагыраагы, Сары-Ой айылында жолдун жээгинде токтоп турган унааны Mercedes-Sprinter үлгүсүндөгү унаа сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен сүзүп алган унаанын айдоочусу каза болгон. Учурда аты-жөнү такталууда. ӨКМнын куткаруучулары каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкенин кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан