Бүгүн Алматыда бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда 52 жана 91 килограмм салмактагы мушкерлер ринг үстүнө чыгат

Бүгүн, 14-октябрь күнү Казакстандын Алматы шаарында башталган бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда 52 жана 91 килограмм салмактагы мушкерлер ринг үстүнө чыгат. Аталган салмактагы кыргызстандык мушкерлер мелдешти 2-турдан баштаганына байланыштуу бүгүн алардын атаандаштары аныкталат. 52 килограмм салмакта Кыргызстандын намысын быйыл Иорданияда өткөн Азия чемпиондугунда жеңүүчү аталган Азат Үсөналиев коргойт. Бүгүнкү албаниялык Мадан Лал менен молдовалык Рискан Александрос жубунун жеңүүчүсү  менен Азат 2-турда беттешет. 91 килограмм салмакта Иорданияда өткөн Азия чемпиондугунда коло медаль жеңген кыргызстандык мушкер Сергей Паренко бүгүн ага атаандаш болуучу кениялык Даниель Шиса менен даниялык Жим Андрисен жубунун беттешине күбө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан