Ырчы Дайыр Исмадияров жубайы менен жарашууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
Анда ырчы жубайы, уулу менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялап, алдына "Экөөбүздүн бирибиз "бардык эле түгөйлөр урушат, кел кайра башынан баштайлы" деп айта турган учур. Мен муну айттым, жообун күтүп жатам" деген ал.
Бул билдирүүнүн алдына ырчынын күйөрмандары, достору, шоу-бизнес өкүлдөрү кубанып жаткандарын билдирип, бактылуу жашоо каалап жатышат.
Буга чейин ырчы Москвага гастролго барып, үй-бүлөсүнө жолугуп кайткан.
Дайыр Исмадияров жубайы Жанара менен 2016-жылы баш кошуп, 2017-жылы уулдуу болушкан. Ошол эле жылы Дайыр мырза ажырашканын ачыкка чыгарган. Ал маектеринин биринде баласына колунан келишинче жардам берип жатканын, уулунун андан алыс өсүп жатканы арман экенин айткан.