Чүйдө мас абалдагы айдоочу рулду башкара албай эки унааны сүздү

Кечээ, 23-мартта болжол менен саат 20:00дө Чүй облусунун аймагында 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ниссан үлгүсүндөгү унаа аталган аймактын Калинин көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, айдоочу рулга ээ боло албай калган. Натыйжада каршы тилкедеги жүк ташуучу унааны сүзүп, андан кийин Toyota Camry унаасын сүзгөн, ал жүк ташуучу унаанын артында бара жаткан.

Натыйжада Тойота унаасынын жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Белгилүү болгондой, кырсык болгон учурда Ниссан унаасынын айдоочусу мас абалда болгон.

Мас абалдагы айдоочу рулду башкара албай эки унааны сүздү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан