Бишкекте алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте алдамчылык менен олуттуу материалдык зыян келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 2019-жылдын февраль айында жаран пластикалык терезелерди жана эшиктерди орнотууга байланышкан курулуш иштерин сапаттуу жасап берем деген шылтоо менен ири суммадагы акча каражатын алдап алып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

"Ал 4 миң 400 доллар жана Даймлер Крайслер S320 үлгүсүндөгү унааны алдын ала төлөм катары алып изин жашырып кеткен. 2021-жылы алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан жаран милицияга кайрылган.

Шектүү боюнча ыкчам маалымат алынып, бул кылмыш ишине мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун Токмок шаарынын жашоочусунун тиешеси бар экендиги аныкталган. 2021-жылдын март айында ИИМдин кызматкерлери мурда төрт жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1980-жылы туулган жаранды кармашты. Кармалган жаран тергөө органдарына жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан