ИИМ: "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек болгон батирлерди Бишкек шаардык мэриянын айрым кызматкерлери ээлеп алган"

Бишкекте ээси жок батирлерди ээлеп алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматы Жазык кодексинин 320-беренеси "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат.

"Сотко чейинки иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунун аймагында жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгына тиешелүү батирлер аныкталган. Ал батирлер бүгүнкү күндө соттун чечими менен ээси жок батирлер катары таанылган.

Бул батирлер мыйзамдын талабына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек болгон. Бирок 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгы менен райондук администрациянын айрым кызматкерлери тарабынан Свердлов районунун Муниципалдык аймактык башкармалыгынын начальниги М.А.га батир тиешелүү чечими жок берилген. Ал батирди бошотуудан баш тартууда.

Андан сырткары, соттун чечими менен ээси жок батирлер катары эсептелген 34 батир аныкталып, алардын ичинен 5 батирде Бишкек шаарынын мэриясынын айрым жооптуу кызматтагы адамдары жашап жаткандыгы аныкталды. Калган башка даректерде ИИМдин кызматкерлери жашоочуларды аныктоо үчүн тергөө амалдарын жүргүзүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asman779
2021-03-24 17:53:44
Ошентип өзүңөр жанынарды бага бергиле анан дагы бир күнү эл көтөрүлүп чыгат, анан силер билмексен болуп минтиш керек тигинтиш керек деп жакшы киши болуп сүйлөп койгула
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан