"Жебе" тобунун мурунку солисти, ырчы Самат Муратбековдун жубайы чыгармачылыкка аттанат. Жубайынын шоу-бизнеске болгон кадамы жар-жар айтуудан башталганын айткан Самат мырза буларга токтолду.
"Жубайым Жылдыз Садыр кызы музыкалык окуу жайды аяктап, кийин Кеминдеги мектепте хореограф болуп иштеп жүрдү. Экөөбүз баш кошкондон кийин балдар менен үйдө отуруп калды. Бирок үйдөн ырдап калчу, бир күнү ырдап берчи дедим. Ырдаганы жагып сахнага чыгуусун сунуштадым. Бир нече күн мурда инимдин үлпөт тоюнда жар-жар айткан, ошондон кийин чакыруулар түшүп баштады. Азырынча жар-жар ырын эле жаздырды. Буюрса, жакында ыр жаздырууну колго алабыз", - деди ал.
Түгөйлөр 2015-жылы үйлөнүп, 2016-жылы 13-июлда Жанэль аттуу кыздуу болушкан. 2018-жылы экинчи кызы Ая төрөлсө, 2020-жылы Руслана аттуу кыздуу болушту.