Жалал-Абад облусунда опузалап акча талап кылган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, март айынын ортосунда криминалдык түзүлүштөр тарабынан ишкерлерге коркутуулар болуп жаткандыгы жөнүндө ыкчам маалымат алынган. Ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы жөнүндө кайрылуу келип түшкөндүгүнө байланыштуу ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган иштер жүргүзүлгөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-берене "опузалап талап кылуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
"Аныкталган маалыматтар боюнча Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кылмышкерлер жергиликтүү жашоочудан 5 миң доллар коркутуу жолу менен талап кылышкан. 21-мартта Аксы районунун аймагынан опузалап талап кылган акча каражатынан аз суммадагы 25 миң сомду алып жаткан жеринен шектүү кармалган. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1990-жылы туулган тургуну экендиги аныкталды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Кармоо учурунда шектүүнүн унаасынан далил катары эсептелген акча каражаты табылып алынды. Опузалап талап кылуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.