Бишкекте бир апта ичинде жол эрежесин бузган 349 чет өлкөлүк номерлүү унаа аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-марттан 19-мартка чейин каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 349 унаа аныкталды.
"Алардын ичинен 75 - Орусияныкы, 6 - Арменияныкы, 11 - Азербайжандыкы, 241 - транзиттик номерлер, 16 - башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар. Булардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 10 чет өлкөлүк унаа ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.