Чүй облусунда бир катар уурулук фактысына шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кемин РИИБи ушул жылдын март айында Орловка шаарынын тургундарынын жеке үйлөрүнөн уурдоо фактысы боюнча үч арыз каттаган. Анда кылмышкерлер биринчи үйдөн жалпы суммасы 200 миң сомду түзгөн алтын буюмдарды уурдап кетишкен. Экинчи үйдөн 50 миң сомдон ашык акча жана баалуу буюмдарын уурдап кетишкендиги тууралуу маалымат келген.
Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Иликтөө иш-чаралардын алкагында, кылмышка шектүү катары 56 жаштагы жаранды кармашкан. Учурда милиция кызматкерлери бул адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин текшерүүдө.