Ички иштер министри Улан Ниязбеков иш сапары менен Ош шаарында болду. Министр өзүнүн Өзбекстан Республикасына жасаган иш сапарынан соӊ, Ош облусуна коӊшу жайгашкан Өзбек-Кыргыз чек арасында жайгашкан «Достук» өткөрмө пункту аркылуу өтүп, Ош шаарына келди.
Жыйын алдында министр Улан Ниязбеков өзүнүн Өзбекстан Республикасына жасаган иш сапары туурасында айтып берип, коӊшу мамлекетиндеги коомдук коопсуздукту сактоо багытындагы жетишкендиктерди үйрөнүп, жаӊы, керектүү өзгөрүүлөрүн бизде дагы киргизүү зарылчылыгын айтты.
Ошондой эле тажрыйба алмашуу зарылдыгына токтолду. Андан соӊ жыйын «суроо-жооп» форматына өтүп, министр милиция кызматкерлерин түйшөлткөн суроолоруна жооп берди.
Негизинен суроолор штаттык бирдиктерди көбөйтүү, оптимизациялоо маселелери, материалдык-техникалык жактан камсыздоо багытында болду.
Жыйындын экинчи маселеси катары учурдагы жергиликтүү кеӊештерге шайлоо өнөктүгү, референдум учурундагы коомдук коопсуздукту камсыздоону талаптагыдай уюштуруу маселеси болду.
Андан соӊ ИИМ жетекчилиги Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүндө жайгашкан милициянын кайгуул кызматынын командалык штабы үчүн берүү мүмкүнчүлүгү каралып жаткан имарат менен таанышып чыкты.