17-мартта Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусун мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен.
Бул окуядан көп узабай, маркум баланын апасы маалымат берген. Анда ал Сыймык аттуу баласы инисин өлтүрүшү мүмкүн эмес экенин айткан. Буга карата Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымат таратты.
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Кармалган шектүү мыйзамдуу өкүлдүн, жактоочунун, социалдык коргоо өкүлүнүн катышуусунда жана күбөлөр менен чогуу суракка алынып, күнөөсүн моюнга алган. Тергөөнүн жүрүшүндө, иш үчүн маанилүү болгон материалдык далилдер алынган.
Ошол эле учурда жеке адамдарды жасалма резонанс үчүн бирөөнүн кайгылуу окуясын жана алардын кайгысын колдонбоого, жалган маалымат таратууну токтотууга жана адамдарды жалган маалыматтар менен адаштырбоого чакырабыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.