Бишкекте күндүз аял кишинин телефонун күч колдонуп тартып алганга шектүү жаран кармалды

Бишкекте күндүз аял кишинин телефонун күч колдонуп тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 23-март күнү болжол менен саат 11:48 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Бейшеналиева жана Пушкин көчөлөрүнөн уюлдук телефон жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1997-жылы туулган А.А. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран арыз ээсинин чөнтөк телефонун коркутуу жолу менен колунан жулуп, белгисиз тарапка качып кеткендиги белгилүү болгон.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1991-жылы туулган жаранды кармап, Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан