Токмокто өгөй кызын зордуктоого шектелген жаранга карата иш токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин маалымат катчысы Назира Имангазиева билдирди.
Анын айтымында, зордукталды делген 15 жаштагы өспүрүм тергөө учурунда өз көрсөтмөсүн бир нече жолу өзгөртүп, кийин коюлган айыпты колдоодон баш тартып тосмо арыз жазып берген.
"Жабырлануучу алгачкы көрсөтмөлөрүнөн баш тарткандыгына байланыштуу тергөө органдары тарабынан кыздын өгөй атасына карата кылмыш ишин козгоону токтотуу жөнүндө буйрук чыккан", - деп билдирди ал.
Окуянын чоо-жайы:
2020-жылдын 19-декабрында Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келгенин жактоочу билдирген.
Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББи аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-берене "Зордуктоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.
SUPER.KG порталы кыздын таежеси Гүлзада Сарукевага барганда, ал өгөй атасы кыздын колтугуна сайып тийишкенин, түндө ойготконун көрүп шек санаганын айтып окуя тууралуу баяндап берген болчу. Кийин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кыз убактылуу таенесине берилерин кабарлаган.