Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 3 медаль жеңди

Кыргызстандык спортчулар 10-14-октябрь аралыгында Грециянын Салоники шаарында өткөн самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда 3 медаль жеңди. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясы билдирди. Катышкан кыргызстандык спортчулардан эркектер арасында 68 килограмм салмакта Артур Те менен Нурсултан Артыкбай уулу (57 кг) финалда жеңилип күмүш медаль тагынса, Элеман Касымбаев (62 кг) коло медаль жеңди. Эркектер арасында Кыргызстан командалык эсепте 16 упай менен 4-орунду камсыздай алды. Мелдешке катышкан жалпы кыргызстандык спортчулардын ээлеген орундары төмөндө:

Эркектер арасында:

Адилет Азатбеков (52 килограмм салмакта) 5-орун

Нурсултан Артыкбай уулу (57 кг) 2-орун

Эламан Касымбаев (62 кг) 3-орун

Артур Те (68 кг) 2-орун

Жамалбек Асылбек уулу (74 кг) 5-орун

Ярослав Жиновёв (100 кг) 5-орун

Жалпы командалык эсепте 16 упай менен 4-орун

Кыздар арасында:

Элиза Абдыкадырова (52 кг) 5-орун

Динара Калыбек кызы (72 кг) 5-орун

Жалпы командалык эсепте 14-16-орун

Жаштар арасында:

Ильяс Камбаралиев (87 килограммдан өйдө) 5-орун

Шамил Шамуров (87 кг) экинчи беттеште жеңилди

Данияр Бейшеев (65 кг) 5-орун 

Жалпы командалык эсепте 15-16-орун

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан