Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, жер титирөө Лейлек районунун Достук айылында - 2,5 баллга чейин сезилген.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-март күнү саат 20:37де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп жазылат мекеменин маалыматында.