"Түндүкэлектр" ишканасынын мурдагы башчысы мыйзамсыз баюуга шектелүүдө

"Түндүкэлектр" ишканасынын экс-жетекчиси Талант Раимжанов мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага карата кылмыш иши март айынын башында Финансы полициясы тарабынан козголгон.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "мыйзамсыз баюу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө иштери Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында уланууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан