"Супер хитке" Айя Садырованын композициясы кошулду. Сүйүктүү клибиңизге добуш бериңиз

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын бейшемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Айя Садырованын "Суктанам" клиби кошулду.

18-МАРТТАН 25-МАРТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Мирлан Баековдун "Өксүк ыры" аталышындагы клиби эң аз добуш топтоду.

9-орун - Тата Уландын "Келатат жаштар" композициясына буюрду.

8-орунга - Кызсайкалдын "Атыңыз жашайт жүрөктө" чыгармасы жайгашты.

7-орунду - Айгерим Расул кызынын "Роза" видеоклиби камсыздады.

6-орунду - Сагын Эргешовдун "Жүрөгүмө жашап алдыңбы" клиби ээледи.

5-орунга - Эрлан Андашевдин "Ыйлаба" композициясы жайгашты.

4-орунду - Кубаныч Баркалбасовдун "Атанын кадырын билеличи" ыры камсыздады.

3-орун - Темир Назаровдун "Ойно, ойно" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орун - Мирбек Атабековдун "Сүрдөтпөчү" видеоклибине буюрду.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Айганыш Абдиеванын "Жүрөгүңүздө ким бар?" ыры эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан