"Ала-Тоо" аянтында пакистандык жаранды түн жарымында тоноп кетишкен. Бишкекте каракчылыкка шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарында каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-мартта болжол менен саат 02:45 чамасында "102" кызматына "Ала-Тоо" аянтынан каракчылык кылып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "каракчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

"Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барганда 19 жаштагы Пакистан жараны арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен арыз ээсин белгисиз жарандар бычак, кайчыга окшош буюмдар менен коркутуп, күч колдонуп, эки Айфон телефонун жана 2 миң сомун алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин жазган.

Ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 27, 25, 26 жаштагы 3 жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kadyrova_
2021-03-26 10:16:03
Уяты жоктор.сакал койуп алганына өлүп кетесин.акмактар баардык өлкөгө кыргызстандын баркын кетиргендер ушуга окшогон эшектерда камап алып эшектей иштетиш керек акмактарды.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан