Алматыда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда Азат Үсөналиев менен Сергей Паренконун атаандаштары аныкталды
Мушкерлер AIBAдин (Эл аралык бокс ассоциациясы) жаңы эрежелери боюнча башына кийилүүчү шлеми жок ойношууда

Бүгүн, 14-октябрь күнү Алматыда бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды
Бүгүн, 14-октябрь күнү Алматыда старт алган бокс
боюнча Дүйнө чемпиондугунда алгачкы беттештер орун алды. Ринг үстүнө 52 жана 91
килограмм салмактагы боксчулар чыгышты. Алар AIBAдин (Эл аралык бокс ассоциациясы)
жаңы эрежелери боюнча башына кийилүүчү шлеми жок ойношууда. Бүгүн
күндүз орун алып жаткан беттештерде мелдешти 2-турда баштачу кыргыз мушкерлери Азат
Үсөналиев (52 кг) менен Сергей Паренконун (91 кг) атаандаштары белгилүү болду. Бүгүнкү AIBAдин (Эл аралык бокс ассоциациясы) желеги астында чыгып жүргөн индиялык
Мадаи Лаль менен молдовалык Александр Рышкан беттешинде экинчи аты аталган
боксчу жеңүүчү аталды. Эми 2-турда Азат мына ушул молдовалык Александр Рышкан
менен беттешет. Ал эми Сергей Паренко бүгүн кениялык Даниель Шисаны жеңген даниялык
Жим Андрисенге каршы беттешмей болду.