12-13-октябрь күндөрү Финляндиянын Турку шаарында өткөн фехтования боюнча Дүйнө Кубогунда кыргызстандык Роман Петров 11-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык фехтования федерациясы билдирет. Мелдешке Кыргызстандан эркектер арасында Роман Петров, Денис Никитин жана Евгений Курочкин катышты. Мелдешке эркектер арасында жалпысынан 89 спортчу катышып, кыргызстандык спортчулардан Роман Петров 11-орун, Денис Никитин 22-орун, Евгений Курочкин 69-орунду ээледи. Ал эми кыздар арасында катышкан Ирина Кирейчева 35 катышуучудан 17-орун менен чектелди.