Сүлүктүдөгү шахтада 33 жаштагы жаран газга ууланып, ооруканага түштү

Кечээ, 25-мартта Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтанын биринен 33 жаштагы жаран газга ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМга "Раимбердиев" шахтасы урап ичинде адамдар калып калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Жерине ӨКМнын мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары барганда шахта урабай эле ичинде 1988-жылы туулган эркек киши газга ууланып, аны бирге иштеген жарандар ооруканага алып барышкандыгы аныкталган. Учурда жарандын абалы туруктуу", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан