Ош шаарында шайлоо өнөктүгүнүн талаптарын бузгандыгы боюнча 10 маалымат текшерилип жатат

Ош шаарында шайлоо өнөктүгүнүн талаптарын бузгандыгы боюнча 10 маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык милициядан билдиришти.

Ага ылайык, тергөө кызматы тарабынан бүгүнкү күндө шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу 10 мыйзам бузуулар боюнча түшкөн маалыматтар текшерилип жатат.

"Эгер ал маалыматтар такталып, чын боло турган болсо мыйзам талаптарына ылайык жоопко тартылат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шайлоо өнөктүгүнө тиешеси бар бардык жарандарды мыйзамдарды так аткарып, кандайдыр бир укук, мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырат. Бул багытта жарандар тарабынан кандайдыр бир маалыматтар болсо, 0 3222-4-82-82 номери аркылуу кайрылсаңар болот", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан