Токтогул РИИБи элге кылмыштуулуктун алдын алуу, кырсыктарды болтурбоо максатында түшүндүрүү жүргүзүүдө

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, ар түрдүү кырсыктарды болтурбоо максатында профилактикалык жумуштар улантылып жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милиция кызматкерлери түнкү убакыттарда өспүрүмдөрдүн себепсиз көчөдө жүрүүлөрүн көзөмөлгө алып жатышат. Ошондой эле окуучулардын мектепке негизсиз барбай коюуларын болтурбоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташууларга, эрте никеге турууга бөгөт коюу багытында да алдын алуу иштери алып барылууда.

Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга бөгөт коюу боюнча тегерек стол өткөрүлүп, көйгөйлүү маселелер талкууга алынды. Жыйындын жүрүшүндө терс көрүнүштөр орун алган учурда кайдыгер карабастан милицияга билдирүү керектиги жеткирилди.

Мындан сырткары РИИБдин көчмө кабылдама унаасы аркылуу жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу улантылып жатат. Райондун Комсомол, Каратектир жана Кызыл-Туу айылдарына милиция кызматкерлери унаа менен барышып, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооптор берилип, сунуштары кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан