Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-март күнү саат 18:44тө Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жер титирөө Алай районунун Кара-Шоро, Каблан-Көл айылдарында, Кара-Суу районунун Алга-Бас, Бек-Жар, Лангар, Талдык айылдарында - 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан